Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Венгрияда өтүп жаткан маданият күндөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кыргыз элинин улуттук маданиятын чагылдырган фольклордук ансамблдин аткаруусунда  манас айтылып, улуттук ыр-күүлөр жаңырып жана көргөзмөлөр көргөзүлдү.

Маданият күндөрдүн расмий жабылышы Венгриядагы улуу гунн жана түрк тилдүү элдердин курултайынын алкагында  өтүп, кеңири коомчулук катышты.

Иш-чарага атайын чакырылган коноктор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Венгрияда жашап жаткан кыргыздар күбө болду. Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты