Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү мүмкүн
- 2 недели мурун
Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
222-250-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алып алууну эскертет.
Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Муну бөлүшүү