Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал
- 2 года мурун
9-11-январь аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк, Чапчыма ашуусу жана Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымында кар көчкү коркунучу болуп, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.
9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Муну бөлүшүү