Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 1 год мурун

3-февралдан 6-февралга чейин жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында «Ала-Бел» ашуусу «Чычкан» капчыгайы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 70-107- чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113 чакырымдарында «Чапчыма ашуусу» Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакталышы керектиги эскертилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты