Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 1 год мурун

4-5-майга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

4-6-майда түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрөт. 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн.

4-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты