Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 5 месяцев мурун

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык 21-февралдан 22-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү күтүлүүдө.

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты