Кыргызстандын ТИМи жарандарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды.

Министрлик тараткан билдирүүдө Кыргызстандын жарандарын Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйүп жатканы белгиленген. Бирок Кыргызстан тажик тараптан кыргызстандыктардын Тажикстандын аймагына кирүү жана чыгуу тартибинин өзгөргөндүгү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте билдирүү ала элек экени айтылат.

Буга байланыштуу министрлик Кыргызстандын жарандарын Тажикстандын аймагына кирүүгө коюлган чектөөнүн себептери такталганга чейин аталган өлкөгө барбай турууну жана Тажикстандын аймагы аркылуу транзит менен башка өлкөгө чыкпай турууну өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты