Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков көз жумду
- 1 год мурун
Мамлекеттик, саясий ишмер, дипломат Жаныш Рустенбеков 74 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 11-июлда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
ТИМ билдирүүсүндө Рустенбековдун өлүмүнүн себебин тактаган эмес.
Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.
1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта иштей баштаган. 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын депутаты болгон.
1993-1994-жылдары мамлекеттик катчы, Президенттик администрациянын жетекчиси, 1994-1995-жылдары Президентинин алдында мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.
1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген.
1996-2000-жылдары Өкмөткө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген.
2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин төрагасы болгон.
2005-2007-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.
2007-жылдан 2022-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.