Кыргызстандын тайбокс боюнча курама команда Азия чемпионатында 18 медаль жеңди

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандын тайбокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн мелдеште 18 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 9 коло) жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мелдеш 21-28-август күндөрү өтүп, 7 мамлекеттен келген 970 тен ашык спортчу катышып жатат. Курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Алтын медалдын ээлери:

1. Султан Атагельдиев 71 кг (17-18 жаш);

2. Хафизиллпх Исаков 57 кг (15-16 жаш);

3. Виктория Маликова 54 кг (17-18 жаш);

4. МиланаШихшабекова 54 кг (15-16 жаш);

5. Аделя Асылбек кызы 63.5кг (15-16 жаш);

6. Диана Заинитдинова +51 кг (13-14 жаш).

Күмүш медалдын ээлери:

1.Бектур Саимбеков 43кг (11-12 жаш);

2. Алия Салиева 48кг (15-16 жаш);

3. Баэл Таалайбек уулу 67кг (18 жаш);

Коло медалдын ээлери:

1. Ким Эрик 41кг (9-10 жаш);

2. Ильяс Абдулин 54кг (18 жаш);

3. Абу-Бакир Бакиев 28 кг (9-10 жаш);

4. Мухаммад Али Низов 26 кг (9-10 жаш);

5. Ким Сергей 67 кг (15-16 жаш);

6. Аловудин Гуламов 41кг (15-16 жаш);

7. Альберт Бактыбеков 57 кг (17-18 жаш);

8. Акжол Калмаматов 54 кг (13-14 жаш);

9. Ырыскелди Салымбаев 48 кг (15-16 жаш).

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Сыргак Айталиев жана машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты