Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 10-февралда саат 11:24тө Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Фергана кырка тоолорунда, тагыраак айтканда, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Дөбө айылынан түндүк-чыгышка карай 16 км, Таш-Купыр айылынан түндүк-чыгышка карай 17 км, Макмал айылынан түштүккө карай 19 км, Кош-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 26 км, Жалал-Абад шаарынан чыгышка карай 85 км жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 110 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү калкттуу конуштар: Кара-Дөбө, Таш-Купыр, Салам-Алик, Ара-Көл, Байбиче айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты