Кыргызстандын медиа платформасы камактагы 8 журналистти үй камагына чыгарууга чакырды

  • 4 месяца мурун

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы камактагы 8 журналист боюнча билдирүү жасады.

Аталган платформанын мүчөлөрү үч айдан бери сегиз иликтөөчү журналисттин СИЗО-1де камакта жатканына тынчсызданып жаткандарын билдирди.

«Журналисттер массалык баш аламандыкка чакырган деп айыпталып жатышат, бирок буга эч кандай мыйзамдык негиз жок. Айыпталуучулардын өздөрүнүн айтымында, камакта отурган убакыт ичинде бир дагы тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Тергөөчүлөр ИИМ башчысы Улан Ниязбековго карата иликтөөлөр боюнча маалыматтарды кайсы булактар бергенин гана сурашкан.

Президенттин камактагылардын көбүн бошотуу ниетине карабастан, 11 адамдын 8и дагы эле темир тор артында калууда. Ошол эле учурда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айыпталган көп адамдар, “келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен” үй камагына же сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми ушундай коррупция менен күрөшкөн, бирок коррупциялык каржылык ресурстары жок журналисттер темир тор артында калып жатышат.

Кармалган журналисттердин баары мыйзамды сыйлаган жарандар жана тергөөдөн жашырынып кетүү ниеттери жок. Алардын бардыгы өздөрүнүн күнөөсүздүгүн жана тагылган айыптардын акылга сыйбастыгын сотто далилдөөнү көздөп жатышат.

Журналистика кылмыш эмес. Журналисттер саясаттын субъектиси эмес, алар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу максатын көздөшпөйт. Алардын ишмердүүлүгү — коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн чагылдырууга, коррупция менен күрөшүүгө жана мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган. Журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктоо жол берилгис иш, анткени алардын иликтөөлөрү коомдун бардык катмарынын кызыкчылыгына кызмат кылат», — деп жазылат кайрылууда.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы:

  • Камакка алынган журналист — иликтөөчүлөрдү үй камагына же аларды сыртка чыкпоо тил каты менен тезинен бошотууга чакырат.
  • Ишти объективдүү жана калыс иликтөөнү талап кылат.
  • Кесиптик милдетин аткарып жаткан журналисттерге репрессиялык чараларды колдонууга жол берилбестигин баса белгилейт.

16-январдын таңында “Temirov Live”, “Айт Айт Десе”, “ПолитКлиника”, “Арча Медиа” редакцияларынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына суракка алып келинген. ИИМ кармалган 11 медиа кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин  278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелип жатканын билдирген. 

Милициянын маалыматында атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар” деп аныкталганы айтылат.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган 11 журналист жана медиа кызматкерлерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Алар:

«Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы;

«Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Айке Бейшекеева, Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков;

Аталган редакциянын мурдагы кызматкери, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов,

Редакциянын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев;

Редакциянын мурдагы журналисти, азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров;

Редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев;

Редакциянын мурдагы кызматкери, учурда “ПолитКлиника” медиасынын журналисти  Тыныстан Асыпбеков.

13-мартта журналист Акыл Орозбеков үй камагына чыгарылып, Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан бошотулган. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан. Калган сегиз журналист абакта калган. Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты