Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери бир күндүк маянасын Түркияга жардам катары которууда
- 10 ай мурун
Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которууну улантууда.
Буга чейин бир күндүк эмгек акысын төмөнкү мамлекеттик органдар которду:
— КР президентинин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери;
— КР Финансы министрлигинин кызматкерлери;
— КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери;
— КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери;
— Бишкек мэриясынын аппарат кызматкерлери;
— Жогорку Кеңештин депутаттары (эки күндүк маянасын);
— Бишкек акимчилигинин кызматкерлери;
— Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери;
— Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
— Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери;
— Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин кызматкерлери;
— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери;
— Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери;
— Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
— Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
— Коргоо министрлигинин кызматкерлери.