Кыргызстандын кыздар курамасы Хорватиядагы дүйнө чемпионатында 9-орунду ээледи
- 9 месяцев мурун
15–18-сентябрь күндөрү Хорватияда өткөн кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп, командалык эсепте 9-орунду ээледи.
Мелдеште жалпы 10 салмак даражасы боюнча медалдар ойнотулуп, Кыргызстандын атынан үч балбан кыз күч сынады.
76 кг салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду. Ошондой эле Нурзат Нуртаева да мыкты күрөш көрсөтүп, дагы бир коло медалды өлкөгө алып келди. Ал эми 68 кг салмактагы Мээрим Жуманазарова чейрек финалда атаандашына утулуп, медаль үчүн күрөштөн четтеп калды.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 35 упай топтоп, 50 өлкөнүн ичинен 9-орунду камсыздады.
Муну бөлүшүү




