Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы рейтингдик мелдешке катышат

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз Респулбикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Загреб шаарында (Хорватия) өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

— 62 кг Айсулуу Тыныбекова;

— 68 кг Нурзат Нуртаева;

— 76 кг Айпери Медет кызы.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.

Эскерте кетсек, ал эми курама команда 15-22-январь күндөрү Тата шаарында (Венгрия) өтө турган Эл аралык окуу-машыгуу жыйнына катышат.

Курама команданын тизмеси: —

— 59 кг Калмира Билимбек кызы;

— 62 кг Айсулуу Тыныбекова;

— 68 кг Нурзат Нуртаева;

— 76 кг Айпери Медет кызы;

— Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты