Кыргызстандын коргоо министри тажик аскерин атайын сыйлык, жогорку наам менен сыйлаганбы? (Фактчек)

14-октябрда Телеграмдагы Tajpower аттуу каналда тажик аскерине Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов атайын аскердик наам ыйгарганы тууралуу билдирүү жарыяланды. Билдирүүгө тиркелген сүрөттө Бекболотовдун Тажикстандын байрагы түшүрүлгөн аскердик кийим кийген жигитке төш белги тагып, кол алышып жатканын көрүүгө болот. Билдирүүдөгү маалыматка ылайык, сыйлык алып жаткан аскердин аты-жөнү Бахридин Мухаббатов. 

“Кыргызстандын коргоо министри Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич тажик аскери Бахридин Мухаббатовду аскердик сыйлык жана жогорку наам менен сыйлады. Кыргыздар менен болгон акыркы эки согушта Бахриддин Мухаббатов чоң эрдик көрсөтүп, душмандардын бир нечесин өлтүрүп, жарадар кылып жана туткунга алган. Албетте, ал мындай жогорку наамга татыктуу. Биз аны куттуктайбыз!”, — деп жазылат билдирүүдө.

Ал арада билдирүү социалдык тармактарда кызуу талкууланып, кыргыз колдонуучулар коргоо министринин бул кадамын кескин сынга алышты.

“ПолитКлиника” медиасы окуянын чоо-жайын текшерип көрдү.

Жогорудагы сүрөт 2023-жылдын 13-октябрында Ысык-Көл облусундагы “Эдельвейс” полигонунда тартылганын аныктадык.

2023-жылдын 13-октябрында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» полигонунда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусунун жабылыш аземи өткөн.

Коргоо министрлигинин расмий сайтына жүктөлгөн сүрөттөрдөн аземде машыгууга катышкандарга сыйлык ыйгарылганын көрүүгө болот. Алардын арасынан талкууга түшкөн сүрөттү тапкан жокпуз. Бирок аталган сүрөт ошол күнү тартылганын далилдеген башка бир сүрөт көңүлүбүздү бурду.

Бул сүрөттүн арткы планынан министр сыйлык ыйгарды делген тажик аскери турганын көрүүгө болот.

Машыгуунун жабылыш аземи боюнча ЭлТР телеканалы кыска сюжет даярдаган. Анда министр Бекболотов тажик аскерине сыйлык ыйгарып жаткан учурдагы кадр берилген.

Демек, коргоо министри Бактыбек Бекболотов тажик аскерине сыйлык ыйгарганы чын.

Сыйлык алган аскер ким?

Тажиктердин Телеграм-каналында жазылган аскердин аты-жөнүн жана анын буга чейин чек арада болгон жаңжалдарга кандай тиешеси бар экендигин тактоо мүмкүн болгон жок. Тактоо максатында Коргоо министрлигине да кайрылдык. Бирок аскер тууралуу эч кандай жооп ала алган жокпуз. Ачык булактардан да “Бахридин Мухаббатов” аттуу жаран жөнүндө маалымат табуу мүмкүн болгон жок.

Жыйынтык: Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов тажик аскерине сыйлык ыйгарганы чын. Сыйлоо аземи “Бузулбас боордоштук-2023” машыгуусунун жабылуу аземинде болгон. Бирок сүрөттөгү аскердин өздүгүн, кыргыз-тажик чек ара чырларында кандай кызмат аткаргандыгын жана ага эмне сыйлык берилгенин аныктоо мүмкүн болгон жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты