Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1 триллион сомдон ашты

  • 8 месяцев мурун

Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтындагы атайын эсептегичтеги маалыматтар учурда 1  триллион 21 миллиард сомдон ашып, дагы да өсүп жатат.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында  Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ИДП өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында, биринчи жолу 1 триллион сомдун чегинен өтөөрүн билдирген. Анын айтымында, 2023-жылы калктын жан башына ИДПнын көлөмү 1900 долларды түздү. Былтыр 1665 доллар болчу, салыштырганда акыркы 3 жылда 669 долларга өстү. Ошол эле 2010-2020-жылдарды алсак, 10 жыл аралыгында алсак өсүү 311 долларды түзгөн.

Бул сандар экономикалык өсүштү айкын көрсөтүп турат, ошол эле учурда Акылбек Жапаров билдиргендей, «бул жетишкендиктер келечекте коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт жана калктын реалдуу турмуш деңгээлин олуттуу жогорулата турган мындан да чоң өсүштөрдү көрсөтөт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты