Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

  • 3 месяца мурун

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызтан жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын намысын он спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 колого ээ болгон.

Мелдештин биринчи күнүндө, 11-апрель күнү, 65 кг чейинки салмакта Улукбек Жолдошбеков жана 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов 3-орунду ээлеп, коло медалга татышкан.

Жыйынтыктоочу, 12-апрель күнү,

Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг чейинки салмакта алтын утса, 125 кг чейинки салмакта Айаал Лазарев күмүш медалга ээ болду.

Натыйжада жалпы командалык эсепте 121 упай топтоп Кыргызстан курамасы 3-орунду ээледи. Ал эми 1-орунда 190 упайы менен Иран болсо, 130 упайы менен Япония 2-орунду алды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты