Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Динара Салиева дүйнөдөн кайтты

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргызстандагы биринчи органист Динара Салиева 74 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, артист 11-июнда узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Динара Салиева 1948-жылы 19-ноябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Москва консерваториясында пианино жана орган классында билим алган. Кыргыз филармониясынын жана «Союзконцерттин» солисти катары 2,5 миңден ашык жеке концертин берген. Дүйнөдөгү эң мыкты органисттер кире алган Рига Купол соборунда чыгармаларды аткарган.

Динара Салиева 2015-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хору менен бирдикте Калый Молдобасановдун “Эне талаасы” ораториясын органдык аткаруу үчүн жеке өзү транскрипциялап, калың аудиторияга тартуулаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты