Кыргызстандын эки ишканасына Орусияга балык экспорттоого уруксат берилди
- 1 год мурун
Кыргызстандын эки ишканасына Орусияга балык экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан «Аква Пром» ЖЧК жана «Тянь-Шань-Фиш» ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү.
«2023-жылдын 27-апрелиндеги Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын катына ылайык жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 28-апрелден тартып Кыргызстандан Оусиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө (төмөнкү эки ишкана) алынды. Эми «Аква Пром» жана «Тянь-Шань-Фиш» ишканалары Орусияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт«, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине «Нурагрорыбпром» ЖЧК жана «Дары Природы» ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлгөнү белгиленген.