Кыргызстандын делегациясы Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан суу боюнча эл аралык конференцияга катышууда

  • 2 года мурун

Кыргызстандын делегациясы Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан суу боюнча эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жетектеген Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматынын жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация Эл аралык иш-аракеттер он жылдыгына арналып, Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан «Суу туруктуу өнүгүү үчүн» аттуу жогорку деңгээлдеги экинчи эл аралык конференциясына катышууда.

Иш-чара чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген эксперттик жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүдө.

Конференциянын алкагында Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова «Аймактык суу кызматташтыгы» аттуу Борбордук Азия форумунда сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнүн суу менен камсыздоо, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирине байланышкан көйгөйлөргө токтолду. Ушуга байланыштуу ал аймактын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга чакырды. Д.Кемелова аймакта сууну пайдалануунун компенсациялык жана экономикалык механизмдери иштелип чыгып, ишке ашырылышы зарылдыгын белгиледи. Ал БУУнун алкагында көтөрүлгөн тоолорду туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерине арналган демилгелер жана резолюциялар тууралуу маалымат берди.

Форумга катышуунун алкагында Тышкы иштер министринин орун басары БУУнун Европа Экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысы О.Алгаерова менен жолугушуусу болуп өтүп, анын жүрүшүндө тараптар социалдык-экономикалык өнүгүүнүн, суу жана экологиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Динара Кемелова БУУнун алкагында Кыргыз Республикасынын тоо демилгелерин илгерилетүүгө, Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) статусуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Ошону менен бирге, транспорттук инфраструктура чөйрөсүндө регионалдык кызматташууну тереңдетүүнүн жана сооданы кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты