Кыргызстандын бир катар маданият ишмерлери Мухтар Ауэзовдун алтын медалы менен сыйланды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын бир катар адабият, илим, искусство, маданият ишмерлери Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун алтын медалы менен сыйланды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.

Аталган эл аралык сыйлык менен Казакстандын, Орусиянын, Германиянын, Кытайдын, Өзбекстандын, Белоруссиянын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү маданият ишмерлери да сыйланган.

Султан Раевдин маалыматына ылайык, Кыргызстандан төмөнкүлөр сыйланды:

Чолпон-Ата шаарындагы Мухтар Ауэзов үй-музейинин директору Саламат Табышова жана кызматкери Манат Бообекова;

М. Ауэзовдун “Абай жолу” үчүлтигин кыргыз тилине которгондугу үчүн Изиля Рахимова;

М. Ауэзовдун “Еңлик-Кебек” спектаклин сахнага чеберчилик менен койгондугу үчүн КРнын эл артисттери Нуркан Турсунбаев , режиссер коюучу Назым Мендебаиров, артисттер Эржан Осмонов, Гүлнара Сатарова жана котормочу Жипаринса Көчөрбаева;

М. Ауэзовдун айкелин жогорку чеберчилик менен жараткандыгы үчүн айкелчи Тамила Маматова;

Кыргыз-казак адабий байланышына кошкон зор салымы үчүн жазуучу Айдарбек Сарманбетов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты