Мукашев: Кыргызстандын бардык аймагында жазгы талаа иштери үчүн күйүүчү май жетиштүү

  • 2 года мурун

Кыргызстандын бардык аймагында жазгы талаа иштери үчүн күйүүчү-майлоочу май жетиштүү. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев 29-мартта маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жазгы талаа иштерине жалпы 40,5 тонна күйүүчү май керектелет. Бүгүнкү күнгө карата бул көлөмдүн 72%ы камсыздалган.

Мукашев мындан тышкары күйүүчү майдын баасы кымбаттабай турганын билдирди. Учурда орточо баа аймакка жараша 62,5-63 сомду түзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты