Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнө Ми-17 тик учагы берилди

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнө Ми-17 тик учагы берилди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тик учак Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Орусиянын «Рособронэкспорт» АКнын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган.

Тапшыруу аземине КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов, «Рособронэкспорт» АК, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнө Ми-17 тик учагы берилди
Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнө Ми-17 тик учагы берилди

Коргоо министри Б.Бекболотов көп максаттуу Ми-17 тик учагы Куралдуу күчтөрдүн алдында коюлган тапшырмаларды аткаруудагы мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатарын айтты.

Учуучу техника Кыргызстанга Ил-76 самолету менен жеткирилип, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар сыноочу учууларды өткөрүшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты