Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы Азиянын мыкты университеттеринин катарына кирди
- 2 года мурун
2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланды. Рейтингде Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы татыктуу орундарды ээлегенин Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Рейтинтге 230-орунда Кыргыз-түрк “Манас” университети, 260-орунда Борбор Азиядагы Америка университети турат. Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университети 333-орунду ээлеген. Ал эми 381-орунду эки университет: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ээлешкен.
Университеттер изилдөө жана ачылыш, окутуу тажрыйбасы, дүйнөлүк аракеттешүү, жумушка орношуу категориялары менен бааланган.
«Бул жыйынтык — биздин өлкө үчүн рекорд жана акыркы 2-3 жылда өлкө жетекчилиги тарабынан кесиптик жогорку билим берүү багытында жасалган жумуштардын натыйжасы»,- деген министрдин орун басары Абазбек уулу Расул.
Сүрөт: интернет булактары




