Кыргызстандыктардын кезектеги тобу Түштүк Кореяга иштөөгө жөнөтүлдү

  • 8 часов мурун

Эмгек министрлиги 15-октябрда Бишкекте 39 жарандан турган кезектеги топту жумушка орноштуруу системасы (EPS) боюнча Корея Республикасына жөнөттү.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, аталган программанын алкагында борбор 17 жылдан бери Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларында ишке орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту. Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миң жаран иштеп жатат.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун болжолу боюнча Корея Республикасына жумушка орношкон 1,5 миң жаран бир айда жалпы 2 млн 700 миң АКШ долларына барабар айлык алышат.

Эмгек мигранттарынын негизге бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында: тамак-аш, химиялык өнөр жай, кагаз өндүрүү, пластик, резина жана айнектен буюмдарды чыгарган заводдордо иштешет. Орточо эмгек акысы 1800 АКШ долларын түзөт. Тамак-ашка жана жашоого кеткен чыгымдар (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.

EPS программасынын негизги талабы корей тилин тиешелүү даражада билүү болуп саналат.

Сүрөт: Эмгек министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты