Кыргызстандыктарды Жапонияда ишке орноштуруу тууралуу келишимге кол коюлду

  • 2 года мурун

Кыргызстандык 300 адам Жапониянын фабрикаларына иштей алат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин сайтында айтылат.

Мекемеден билдиришкендей, тиешелүү келишимге 14-июлда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун жетекчиси Кубандык Акматбеков менен Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасынын жетекчиси Широ Сурумаки кол койду.

Келишимге ылайык, кыргызстандык жарандар Жапонияга окууга жана андан ары «техникалык стажер» программасынын алкагында ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат.

Келишимге кол коюу жөрөлгөсүнө эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев жана Жапониядан келген делегация катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты