Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат

  • 3 года мурун

Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен эс алуу күнү 9-ноябрга (шейшемби) жылдырылат. Мындан улам 6-7-8-9-ноябрь эс алуу күнү деп жарыяланды.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдан бери 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты