Кыргызстандыктар Манастын элесине окшоштурган сүрөт Карина тумандуулугунда тартылганы чын

Кыргызстандык социалдык тармактын колдонуучулары Carina Nebula аттуу топ жылдыздардын сүрөтүн бөлүшүп, андагы көрүнүштү “Манас” эпосунун башкы каарманы Манас баатырдын элесине окшоштурушканын жазышууда.

“ПолитКлиника” медиасы бул сүрөттүн аныктыгын текшерип көрдү.

Американын Аэронавтика жана космостук аймактарды изилдөө боюнча улуттук башкармалыгынын (НАСА) курамындагы “Хаббл” космостук телескобу 2010-жылы 20 жылдык мааракесине карата “Сырдуу тоо” (Mystic Mountain) аталышындагы сүрөттү жарыялаган

Кыргызстандыктар Манастын элесине окшоштурган сүрөт Карина тумандуулугунда тартылганы чын

Сүрөт Карина тумандуулугунда* (Carina Nebula) “Хаббл” телескобу тарабынан тартылган. Сүрөт тартылган аймак дагы “Сырдуу тоо” аталышын алган.

* Планеталык тумандуулук – бул көпчүлүк жылдыздар үчүн закондуу этап болуп эсептелген, өзүнүн өнүгүшүнүн белгилүү бир стадиясында жылдыздардан атылып чыккан жарык чыгаруучу газдык катмар.

Астрофизик Роберт Немироффтун айтымында, Карина тумандуулугунда жылдыздар чаң менен күрөшөт. Жаш жылдыздардын кубаттуу нурлануусу жана шамалы алар пайда болгон чаң булуттарын буулап, таратат. Мындан пайда болгон  мамычалар “Сырдуу тоо” деп аталат. Алар негизинен таза суутектен турганы менен, сыртын кара чаң түзөт. 

Кийинчерээк “Хаббл” телескобу жогорудагы сүрөттүн инфракызыл жарык менен тартылган версиясын жарыялап, мурдагы версиядан айырмачылыгын көрсөткөн.

Кыргызстандыктар Манастын элесине окшоштурган сүрөт Карина тумандуулугунда тартылганы чын

Кырнетте талкууланып жаткан сүрөт оң жакта жайгашкан сүрөткө окшош экенин байкоого болот.

Бул сүрөттүн талкууга алынышына өткөн аптада НАСАнын “Жеймс Уэбб” космостук телескобу тарткан ааламдын алгачкы түстүү сүрөттөрүн жарыялаганы себеп болду. 

НАСА жарыялаган сүрөттөрдүн арасында Карина тумандуулугунун сүрөтү дагы бар. Бирок анда эч кандай баатырдын элеси байкалбайт.

Кыргызстандыктар Манастын элесине окшоштурган сүрөт Карина тумандуулугунда тартылганы чын

“Хаббл” телескобунун 12 жыл мурун жарыялаган сүрөт чет өлкөлүктөрдүн арасында дагы талкууланып, ар бир улут андагы сөлөкөттөн өзүнүн баатырын же ыйык туткан адамын көргөнүн жазышкан.

Жыйынтык: “Хаббл” телескобу Карина тумандуулугунун сүрөтүн тартканы чын. Андагы сөлөкөттү ар ким ар түрдүүчө чечмелеп келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты