Кыргызстандыктар майда тогуз күн катары менен эс алат
- 2 года мурун
Министрлер кабинети май айындагы эс алуу күндөрүн тактады. Ага ылайык, беш күндүк жумуш күнү менен иштегендер 2022-жылдын 1-майынан тарта 9-майга чейин эс алат.
4-майдагы (шаршемби) жумушчу күн 30-апрелге (ишемби), 6-майдагы (жума) жумушчу күнү 14-майга (ишемби) которулду.
1-майда Эмгекчилердин эл аралык күнү, 5-майда Конституция күнү, 9-майда Жеңиш майрамы белгиленет. Быйылкы Орозо айт дагы май айынынын башында болот.
Муну бөлүшүү