Кыргызстандыктар канча жашында жана кайсы мезгилде үйлөнүшөт? Сандардан жооп алабыз

Кыргызстанда жыл сайын орточо 50 миңге жакын никелешүү катталат. Биздин редакция акыркы он жыл ичинде катталган никелешүү жана ажырашуунун сандарын анализдеп көрдү. Төмөнкү графикте көрсөтүлгөндөй, 2019-жылга салыштырмалуу былтыр никелешүүнүн саны он миңге кыскарган:

Ал эми, эркек менен аялдын никеге туруудагы жашы айырмаланып турат. Эгер аялдардын көпчүлүгү 20-24 жаш арасында турмушка чыкса, эркектердин көпчүлүгү 20-29 жаш арасында үйлөнүшөт:

Ошол эле учурда он сегиз жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны бойго жете электе үйлөнгө эркектерге караганда алда канча көп. Бир жылда 40тан 170ке чейин жашы жете элек кыздар турмушка чыгат. Ошол эле учурда мындай эркектердин саны орто эсеп менен 10 жыл ичинде 4 адамды түзөт. 

Кызыктуу факт: 75 жаштан ашкан үйлөнгөн эркектердин саны аялдарга караганда алда канча көп. Бул  курактык топтогу эркектер өзүнөн кичүү аялдарга үйлөнөт дегенди билдирет.

Калктын арасында Кыргызстандагы тойлордун көпчүлүгү күзүндө өтөт деген сөз бар. Муну сандар да тастыктайт: 

Мындан сырткары биз турмуш куруп жаткандардын билимин карап көрдүк. Статистикага таянсак, жаңы үйлөнгөндөрдүн көбү  орто билимдүү. Эркектер менен аялдардын ортосундагы айырма дээрлик байкалбайт. Жаңы үйлөнгөндөрдүн 60%ы орто билимдүү, 5%ы билим деңгеелин аныктабайт, ал эми 16% эркектер жана 13% аялдар жогорку билимдүү.

Мындан сырткары, Улуттук статистика комитети аялдын биринчи баласын төрөгөн орточо жашын көрсөтөт. Ошентип, 2011- 2019 жылдар ортосунда аялдар биринчи баласын 23 жашында төрөшкөн.

А, жылына канча жубай ажырашат?

Он жыл ичинде Кыргызстанда ажырашуунун саны жүз миңден ашкан. Жыл сайын, орточо, тогуз миң ажырашуу катталат: 

Ажырашкандардын көпчүлүгү жубайы менен 5-9 жыл жашагандан кийин бул кадамга барышат. Алардын артынан 20 жыл же андан көп жашагандар келет:

Өзүңүз күбө болгондой, кыргызстандыктар жаш кезинде үй-бүлө курушат. Сиз канча жашыгызда үйлөнгөнсүз? Жообуңузду пикирлер бөлүгүнө узатыңыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты