Кыргызстандыктар эми Кувейтте мыйзамдуу түрдө иштей алышат

  • 1 год мурун

Кыргызстандыктар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге 22-июнда Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттин «Al Huqооq International Company» компаниясы кол коюшту.

Бул келишимдин алкагында кыргызстандыктарга туризм, медицина жана мейманкана бизнеси тармагында бош орундар берилет. Негизги талап – англис тилин билүү жана 18 жаштан 45 жашка чейинки курак.

Расмий маалыматка караганда, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору учурда кыргызстандыктарга Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табууга жардам берет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты