Кыргызстандыктар үчүн 1-сентябрдан тарта Өзбекстанга ID-карт менен кирүү мүмкүнчүлүгү жаралат

  • 11 месяцев мурун

1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ишке ашырылып баштайт.

Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты