Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажылык сапарга жөнөп кетти

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-июнда кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына сапар алды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган 405 жаранды 8 ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер коштоп кетти.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты