Кыргызстандык жаш ырчылар «Славян базары» фестивалында ийгилик жаратты
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Беларусь өлкөсүнүн Витебск шаарында өткөн XXXV «Славян базары» эл аралык искусство фестивалынын алкагында кыргызстандык жаш ырчылар ийгиликтүү катышты.
Жаш эстрада ырчыларынын сынагында Нурдөөлөт Деркембаев 19 өлкөнүн арасынан 3-орунду ээледи. Ал эми балдар музыкалык сынагында Алимхан Муратов дипломант аталды.
Бул тууралуу Кыргызстандан барган чыгармачыл делегациянын жетекчиси Гүлнара Тойгонбаева билдирди.
Муну бөлүшүү




