Кыргызстандык жаш балбандар алыш күрөшү боюнча Азия чемпионатында 13 медаль утту
- 1 год мурун
Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан алыш күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы мыкты жыйынтык көрсөттү. Жаш балбандар жалпы эсепте 13 медалга ээ болушту: 7 алтын, 4 күмүш жана 2 коло.
Алтын медаль алгандар:
- 55 кг – Беленбек Жапаралиев
- 70 кг – Субан Апсаматов
- 50 кг – Асель Жакыпова
- 50 кг – Туйгун Орунбаев
- 60 кг – Марлен Абдрахимов
- 65 кг – Абдинур Шукуралиев
- 50 кг – Арууке Таалайбекова
Күмүш медаль алгандар:
- 60 кг – Нурислам Элбеков
- 65 кг – Темирлан Ахунбабаев
- 55 кг – Нурия Масалбекова
- 55 кг – Асема Калыкова
Коло медаль алгандар:
- 60 кг – Мыскал Нурмаматова
- 70 кг – Азизбек Токтосунов
Мелдешке Серод-15 жана Серод-17 жаш курагындагы спортчулар катышып, Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген күчтүү атаандаштар менен таймашты. Кыргыз балбандары таймаштын жүрүшүндө жогорку чеберчилик жана мыкты даярдык көрсөтүп, мелдештин эң мыкты командаларынын бири катары таанылды.
Муну бөлүшүү




