Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Тбилисиде өтүп жаткан турнирде баш байгени жеңип алды

  • 1 год мурун
Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Тбилисиде өтүп жаткан турнирде баш байгени жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өтүп жаткан дзюдо боюнча Tbilisi Grand Slam мелдешинде алтын байге утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ошону менен Айбек уулу чоң шлемдер мелдешин жеңген алгачкы кыргызстандык дзюдочу болуп калды.

Айбек уулу 24-мартта 66 килограммга чейинки салмакта татамиге чыккан. Дзюдочу мелдешти 1/16 финалдан баштап, жалпы беш беттеш өткөрдү. Ал Куба, Бразилия жана Грузиянын эки спортчусун жеңип, финалга чыкты. Финалда монголиялык балбанды утуп, алтын медалга татыды.

Grand Slam турнири 24-26-мартта Грузиянын Тбилиси шаарында өтүүдө. Мелдешке 61 өлкөнүн спортчулары катышууда.

Чоң шлем турнири дзюдо боюнча дүйнөдөгү эң престиждүү мелдештердин бири жана Олимпиада, дүйнө чемпионаттарынан кийинки орунда турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты