Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов АКШда мелдеште алтын жеңди

  • 2 года мурун

Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов АКШнын Atlantic Coast Conference студенттик лигада алтын утту. Бул тууралуу аталган лиганын расмий сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, Ал Луисвилл университетинин атынан жарышкан. Петрашов брасс стилинде 100 метрлик дистанцияда 50,62 секундда биринчи келип, мелдеште рекорд жаңыртты.

Аталган сүзүү мелдештери 18-22-февраль күндөрү Түндүк Каролина штатынын Гринсборо шаарында болуп өттү.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты