Кыргызстандык оор атлетчилер Катар Кубогунда алтын жана күмүш байгеге ээ болушту

  • 2 года мурун

Оор атлетика боюнча Катар кубогу эл аралык турниринде Кыргызстандын оор атлетчилери алтын жана күмүш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов билдирди. 

Мелдеште кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак категориясында алтын утту. Ал эми  кыргызстандык дагы бир оор атлетчи Эмил Молдодосов күмүш байгеге ээ болгон. Молдодосов 89 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Бул категорияда 9 спортчу ат салышкан.

Турнир ушул тапта Доха шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын атынан Эмил Молдодосов менен Бекдөөлөт Расулбеков катышты

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты