Кыргызстандык окуучулар эл аралык Жаутыков олимпиадасына катышууда

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстандык окуучулар эл аралык Жаутыков олимпиадасына катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандык окуучулар Алматы шаарында башталган математика, физика жана информатика боюнча ХХ юбилейлик Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасына катышууда. Олимпиадага Казакстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Болгария, Тажикстан, Монголия, Грузия, Сербия, Индия жана Румыния сыяктуу 15 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу, 85 команда катышат.

Белгилей кетсек, олимпиада соңку үч жылдан бери онлайн форматта өтүп келген. Быйыл кадимки оффлайн форматында 8-январдан 13-январга чейин өткөрүлөт. Өткөн жылы бул олимпиадада Кыргызстандын атынан катышкан 12 окуучу байгелүү орундарга ээ болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты