Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга татыды

  • 1 год мурун

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга татыды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-февралдан 10-февралга чейин математика, физика жана информатика (IZHO) боюнча 19-эл аралык Жаутыков олимпиадасы болуп өттү. Математика боюнча Кыргызстандын атынан жети команда, ал эми үч окуучу жеке катышты. Өткөн жылдары IZHO олимпиадасында Кыргызстандан 10, 11-класстын окуучулары медаль алып келишкен болсо, быйылкы жеңүүчүлөрдүн арасында 7, 8, 9-класстын окуучулары да бар. Эл аралык Жаутыков олимпиадасы физика-математика класстарынын окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команданын курамында 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 жетекчи бар. Бул жылы окуучулар жекече катышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. 10 күн аралыгында 26 өлкөдөн 281 команда, 1200дөн ашуун окуучу катышкан олимпиадада Кыргызстандын атынан катышкан 12 окуучу байгелүү орундарга ээ болду. Казакстандын студенттери үчүн олимпиада оффлайн режиминде өтүп, калган окуучулар видеокөзөмөлдүн астында онлайн катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты