Кыргызстандык окуучу химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль алды

  • 2 года мурун

Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников химия боюнча 56-Эл аралык Менделеев олимпиадасында коло медаль алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-16-майда Ташкент шаарында өткөрүлгөн 56-эл аралык Менделеев олимпиадасына 16 өлкөдөң 100 ашык окуучу катышты. Ага Кыргызстандан 6 окуучу барды. Мелдештин катышуучулары эки теоретикалык жана бир эксперименталдык турларда билим деңгээлин көрсөтүштү. “Эл аралык химиялык олимпиада ЮНЕСКО тарабынан Химия боюнча эл аралык олимпиада менен бирдей деңгээлде катары таанылды” – деп белгиледи олимпиаданы уюштуруу комитетинин төрагасы Степан Калмыков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты