Кыргызстандык математик Алтай Бөрүбаев дүйнөлүк илимий ачылыш жасады

  • 1 год мурун

Академик Алтай Бөрүбаевдин «Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» аттуу математикалык изилдөөсү илимий ачылыш катары таанылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 10-ноябрда фейсбук барагына жарыялады.

Маалыматта, Бөрүбаев кесиптештери менен талкуудан кийин бул илимий ишин Илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын авторлорунун эл аралык академиясына жөнөткөнү белгиленген.

Андан соң, экспертиза топология илими өнүккөн Италия, Чехия жана Кытайда бир жыл бою уланып, жыйынтыгында илимий ачылыш катары тастыкталган.

Маалыматка ылайык, буга чейин академиктин эки ачылышы эл аралык деңгээлде таанылган. Алардын бири «Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө» изилдөө.

«2013-жылы экинчи ачылышымды жасадым. Ал компакттык типтүү кеңейтүүлөрдүн алгоритминин конструкциясын түзүү жөнүндө маселе. Бул маселе боюнча жаңы ыкма таап, ошол ыкманын негизинде компакт тибиндеги бардык кеңейтүүлөрдүн конструкциясын бергем. Муну Оксфорд университетинин окумуштуулары, математиктери баалап, “Илимдеги ысым” алтын медалын жана тиешелүү сертификатты тапшырган», — деген Бөрүбаев маалыматта.

Ошондой эле Москва мамлекеттик университетинин сунушу боюнча, Москва обсерваториясындагы жылдыздардын бирине «Алтай» ысымы берилгени белгиленген.

Министрлик, Алтай Бөрүбаев Оксфорд университетинин дүйнөлүк окумуштууларынын реестрине Борбор Азиядан биринчи болуп киргенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты