Кыргызстандык боксчулар Эл аралык турнирде 5 медаль тагынышты

  • 8 месяцев мурун

Кыргызстандык боксчулар Эл аралык турнирде 5 медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Минск шаарында (Беларусь) өтүп жаткан Советтер Союзунун баатыры Виктор Ливенцевдин жаркын элесине арналган эл аралык турниринде 5 медаль (2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло) тагынышты.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг чейинки салмакта күч сынашып, финалдык беттеште беларусиялык Артур Туниевди жеңсе, Анвар Ходжиев финалда орусиялык Адам Альвиевди жеңип алтын медаль утту. Аскат Култаев (67 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) 2 орунду, Баяман Азизбек уулу (57 кг )3 орунду ээлегенге жетишишкен.Эскерте кетсек, 18-23 ноябрь кундөрү Беларусь мамлекетинде Советтер Союзунун баатыры Виктор Ливенцевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнири болуп өттү.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан Беларусь, Орусия, Кытай, Таджикистан жана Конгодон келген 107 спортчу катышты. Жалпы 20 комплект медаль ойнотулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты