Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында кол койгон. 

Чечимге ылайык, төмөнкүдөй убактылуу тыюу салуу белгиленген:

– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;

– Кыргыз жарандарына жана резиденттерине 10 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында; 

Кыргыз жарандары жана резиденттери 10 миңден көп доллар суммасында накталай долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 пайыз өлчөмүндө төлөм алынат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына накталай доллар алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты