Кыргызстандан Казакстанга тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

  • 1 год мурун

Кыргызстандан Казакстанга тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Ак-Жол-унаа жол” өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын К.А.К. аттуу жараны “MERSEDES-BENS SPRINTER 416” үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2078 блок тамеки буюмдарын акциздик маркасы жана эч кандай товардык документтери жок Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Аталган унаанын жүк салчу бөлүгүн текшерүү учурунда атайын жабдылган чөнтөкчө табылган, тинтүүдө 35 куту (ар биринде 50 блоктон) жана 328 блок тамеки буюмдары табылып, акциздик маркалар жалпы саны 2078 блокту түзгөн тамеки буюмдары табылган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жогоруда аталган тамеки буюмдарына акциз салыгын төлөөдөн качуудан мамлекеттик бюджеттин чыгымы 1 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Учурда жогоруда аталган тамеки буюмдарына тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын, ошондой эле төлөнүүчү салыктардын суммасын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты