Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 9 чет өлкөлүк жаран кармалды
- 2 года мурун
Казакстанда Кыргызстандан аталган өлкөгө мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тогуз чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Пакистандын тогуз жараны кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүшкөн.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалгандарга карата сотко чейинки иликтөө башталды.
Муну бөлүшүү