Кыргызстандан 23 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен жаран Мадагаскардан кармалды

  • 11 месяцев мурун

Мадагаскар аралында мекенинде издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Интерпол улуттук бюросунун Башкы прокуратура менен биргелешкен ишинин натыйжасында Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилди.

Ал өлкөдөгү банктардын биринин кызматкерлери аркылуу 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кеткен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 млн доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты