Кыргызстандагы жана Европа өлкөлөрүндөгү баңгизаттарга каршы учурдагы кырдаал талкууланды

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневский менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандагы жана Европа өлкөлөрүндөгү баңгизаттарга каршы учурдагы кырдаал боюнча маалымат алмашып, баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар баңгизаттарды көзөмөлдөө маселелери боюнча өз убагында маалымат, тажрыйба, укук колдонуу практикасын алмашуу үчүн жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты