Кыргызстандагы бардык мектептер 24-декабрга чейин аралыктан окутууга өтөт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин аралыктан окутууга өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

“Азыр мага Саламаттык сактоо министрлигинен кат келди. Жугуштуу оорулардын көрсөткүчү жогорку чекке жеткендиктен, 24-декабрга чейин өлкө боюнча бардык мектептерди онлайн режиминде билим берүүгө өткөрүп жатабыз”, — деди ал.

Буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылганын билдирген.

Кыргызстанда жалпы 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты