Кыргызстандагы айрым мектептерде корей тили класстарын ачуу сунушталууда

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугуп, билим жана илим тармагындагы кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Мамбетакунов Кыргызстанда кыргыз-корей ресурстук борборунун ачылышына карата айрым мектептерде корей тили класстарын ачууну сунуштады.

Корей тарап биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктары, анын ичинде ЖОЖдор менен макулдашуулар жана Кыргызстанды артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү каралып жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты